
«Суроо Жогорку Кенеште көтөрүлгөн жок»
Жогорку Кенештин басма сөз кызматы Нурланбек Тургунбек уулунун отставкасы тууралуу ушактарды четке каккан билдирүү жарыялады.
«Нурланбек Тургунбек уулунун отставкасы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул суроо Жогорку Кенеште талкууланган жок. Учурда торага Түркияда парламенттик делегациянын расмий сапарында», - деп белгилешти басма сөз кызматында.
Мурда спикердин Кыргызстанга кайтып келгенден кийин башка талапкерге алмаштырылышы мүмкүн экендиги тууралуу маалыматтар пайда болгон, бул ГКНБнын төрагасы Камыбек Ташиевдин кызматтан алынуусу менен байланыштырылган.
Сүрөт www