
Архивден алынган сүрөт. 19 өлкөнүн өкүлдөрү Давосдо «Тынчтык кеңешинин» уставына кол коюшту
Басылмадагы булак көрсөтүп өткөндөй, бул «Тынчтык кеңешинин» биринчи жыйыны жана Газа секторун реконструкциялоого каражат чогултууга арналган конференция болот.
Жолугушуунун өткөрүлүүчү жери АКШнын Тынчтык институтунда пландалган. Дональд Трамптын администрациясы өткөн жумада көптөгөн өлкөлөр менен иштешүүнү баштап, алардын лидерлерин саммитке катышууга чакырды.
Иш-чарага даярдык баштапкы стадияда, ошондуктан пландарда өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, деп билдирет Axios, Ак үйдүн өкүлдөрү комментарий берүүдөн баш тартканын кошумчалап.
Быйылкы жылдын 22-январында АКШнын президенти Дональд Трамп Давосдо Дүйнөлүк экономикалык форум учурунда уставга кол коюу салтанатында «Тынчтык кеңешинин» түзүлгөнү тууралуу расмий билдирүү жасаган.
Документ 19 мамлекеттин өкүлдөрү тарабынан кол коюлду.
«Тынчтык кеңеши» Израиль менен радикал палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы келишимге ылайык түзүлгөн, анын максаты Газа секторун башкаруу. Ошондой эле, анын милдеттеринин катарына башка региондордогу конфликттерди алдын алуу жана чечүү кирет.