Кабмин этил спирти жана алкогольдук продукция боюнча көзөмөлдү күчөтүүнү каалайт
Бул демилге «Этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатуу боюнча мамлекеттик монополия жөнүндө» мыйзамдын жоболорун аткаруу алкагында иштелип чыккан.
Документтин долбоору этил спиртин медициналык, ветеринардык жана техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмерия жана алкоголь продукцияларын өндүрүү процессинде колдонгон компаниялар үчүн талаптарды кыйла катуураак кылууга багытталган.
Мамлекеттик атайын керектөөчүлөрдүн тизмесине кирүүнү каалагандар толук документтер пакетин, анын ичинде өндүрүш регламенттерин, спирттин үлүшүн көрсөткөн рецептураларды, ошондой эле зарыл болгон жабдуулардын бар экендигин жана жайлардын санитардык нормаларга ылайык келүүсүн тастыктаган документтерди берүү керек. Ошондой эле өндүрүш кубаттуулугун текшерүү актылары талап кылынат.
Мындан тышкары, көзөмөл жүргүзүү тартиби такталууда: ыйгарым укуктуу орган этил спирттин максатсыз колдонулушун каттоого укук алат. Долбоор учурдагы нормаларга тиркемелерди жаңыртууну жана Мамлекеттик салык кызматына ыйгарым укуктарды делегирлөөдө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камтыйт, бул ошондой эле технологиялык нускамаларды жана спирттин табигый жоголуу нормаларын баалоо процедураларын бекитүүгө мүмкүндүк берет.