Депутат мигранттардын балдарын таштап кеткендиги үчүн ата-энелик укуктарынан ажыратууну сунуштады
Ал миграция чоңдорду гана эмес, балдарды да камтыганын белгиледи. Берилген маалыматтар боюнча, туугандарына караштырууда 750 бала бар, алардын көбү жакындары тарабынан тарбияланууда.
Кожокулова мигранттардын балдарына карата зомбулук учурлары көп экенин, көп учурда зомбулук көрсөтүүчү туугандар опекун катары чыгышы мүмкүн экенин баса белгиледи. Мындай учурлардын көбү байкалбай калат жана жашыруун мүнөзгө ээ. Ал зомбулук, айрыкча кичинекей балдарга карата, алардын психикалык абалына, ден соолугуна жана келечегине терс таасир этерин кошумчалады.
Депутат мигранттардын, кичинекей балдарын көзөмөлсүз калтырып кеткендеринин ата-энелик укуктарынан ажыратуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү сунуштады.
Гуля Кожокулова ошондой эле прокуратура жана башка мамлекеттик органдар мындай учурларды кантип аныктап, иштеп жатканын, ошондой эле туугандарына балдарын караштырууга калтырган ата-энелер кандай жоопкерчилик тартарын кызыкты.
Башкы прокурордун орун басары Умуткан Конкубаева бул темага байланыштуу маселелер менен социалдык коргоо органдары алектенерин, прокуратуранын көзөмөл жүргүзөрүн жооп берди.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Депутат мигрант ата-энелердин ата-энелик укуктарынан ажыратууну карап чыгууну сунуштады
На заседании комитета по международным делам Жогорку Кенеша депутат Гуля Кожокулова мигранттардын...