Бул долбоордун алкагында эки негизги документти бекитүү сунушталууда:
- тамак-аш продукциясын өндүрүүнүн бардык этаптарында колдонулган машиналар, жабдуулар, материалдар жана буюмдар үчүн милдеттүү шайкештикти тастыктоо тартиби;
- мониторинг жүргүзүүчү мамлекеттик органдарга, анын ичинде бажы органдарына, техникалык жөнгө салуу, сертификаттоо жана лабораториялык текшерүү органдарына өткөрүлүүчү маалыматтардын тизмеси.
Сунуштун негизинде, тамак-аш продукциясы менен байланышта болгон бардык материалдар жана буюмдар ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин тастыктаган документтерге ээ болушу керек.
Жаңыланган тартип коопсуздук контролун күчөтүүгө, мүмкүн болгон кооптуу продукциянын жайылышын алдын алууга жана мамлекеттик көзөмөлдүн сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет деп белгиленет.
Мындан тышкары, долбоор мониторинг үчүн маалыматтардын так тизмесин белгилейт:
- өндүрүүчүлөр жана импортчулар жөнүндө каттоочу маалымат;
- бажы органдарынан келген импорттолгон продукция жөнүндө маалымат;
- ЕАЭБдеги күчүндө болгон техникалык регламенттер жөнүндө маалымат;
- шайкештик сертификаттары, декларациялар, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жана аныкталган шайкешсиздиктер жөнүндө маалымат;
- саламаттыкка коркунуч туудурган учурлар, тамак-аш уулануу жана коопсуздук талаптарын бузуу жөнүндө билдирүүлөр.
Министрликтерге жана ведомстволорго алты айдын ичинде өзүнүн нормativдик актыларын жаңы эрежелерге ылайыкташтырууну тапшырылды.