Анын айтымында, учурда ай сайын болжол менен 300 миң жаран алты түрдөгү социалдык төлөмдөрдү алууда:
- баланын туулгандыгы үчүн жардам — 4 миң сом;
- 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн — 1 миң 200 сом;
- пенсия алууга укугу жоктор үчүн социалдык жардам — 6 миң 300 сом;
- ата-энеси белгисиз балдар үчүн — 6 миң сом;
- тоолуу аймактарда үчүнчү жана андан кийинки балдары үч жашка чыкканга чейин — 3 миң сом;
- тоолуу аймактарда төртүнчү жана андан көп баланын туулгандыгы үчүн көп балалуу энелерге — 100 миңден 1 миллион сомго чейин (бир жолку төлөм).
Эдиль Байсалов ошондой эле мурда өкмөт бюджеттик чектөөлөр менен социалдык жардамдардын адресаттуулугуна көңүл бурганын белгиледи.
«Жардамдарды алуу үчүн ар кандай тоскоолдуктар бар. Биз Конституциянын Кыргызстан социалдык өлкө экенин тастыктаган беренесине жооп бербейбиз. Президентти көптөгөн адамдардын социалдык төлөмдөрдү алууда тоскоолдуктарга туш болушу кейитет. Мисалы, Бишкекте 1,5 миллион адам жашаса, бир жашка чейинки 60тан аз бала жардам алууда, ал эми үч жашка чейинки балдардын саны болгону 200гө жакын. Бул таптакыр туура эмес», — деди өкмөт башчынын орун басары.
Ал өкмөттө депутаттар менен биргеликте төлөм системасын жакшыртуу боюнча ар кандай демилгелер иштелип жатканын жана жакын арада каралып, талкууланарын кошумчалады.