Шопоков шаарынын бюджети рекорддук 140 млн сомго жетти: 2026-жылы кайсы долбоорлорго инвестиция салууну пландаштырууда
Сессиянын ишине 15 депутат, мэр Р.Норузбаев, мэриянын кызматкерлери жана шаардык мекемелердин жетекчилери катышты.
Сессияда мэрия тарабынан шаардык кенеш менен кызматташтыкта түзүлгөн бюджет бекитилди. Шаардын бюджети 140 миллион сомдон ашык болуп, бул рекорддук сан болуп саналат. Ага 2026-жылы ишке ашырылуучу маанилүү долбоорлор киргизилген.
Күн тартибиндеги негизги маселе 2026-жылга бюджетти бекитүү болду. Депутаттар рекорддук өлчөмдөгү 140 миллион сомдук бюджетти бир добуштан колдошту.
Бюджетке ылайык, депутаттардын жана К.Джеенчороевдин жетекчилигиндеги бюджет боюнча туруктуу комиссиянын демилгеси менен шаардык инфраструктураны жакшыртууга жана жарандардын жашоо деңгээлин көтөрүүгө багытталган приоритеттүү долбоорлор каралган. Алардын арасында: шаардык борбордук паркты куруу, ЖКХ муктаждыктары үчүн атайын техникаларды сатып алуу, суу менен камсыздоо жана канализация системаларын модернизациялоо, оюн жана воркаут аянтчаларын орнотуу, жолдорду оңдоо, скверлерди көрктөндүрүү жана таштанды контейнерлерин жаңылоо.
Жыйналыштын жыйынтыгы боюнча мэрияга бюджеттик каражаттарды натыйжалуу, максаттуу жана убагында пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле пландалган долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруу үчүн бардык зарыл аракеттерди көрүү тапшырылды», - деп айтылат расмий билдирүүдө.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Токаев: Казакстан жаңы модернизация этапына кирди
Curl error: Operation timed out after 120001 milliseconds with 0 bytes received...