Кыргызстанда пенсияга чыгуу үчүн минималдуу стажды көбөйтүштү
Мыйзамга өзгөртүүлөр 2024-жылы киргизилген. Мурда аялдар үчүн 58 жашка, эркектер үчүн 63 жашка жеткенде 20 жылдык эмгек стажы талап кылынган. Стаж жетишпеген учурда жарым-жартылай пенсия дайындалган.
2024-жылдын 1-июлунан баштап эски нормалар жокко чыгарылып, анын ордуна беш жылдык минималдуу стаж түшүнүгү киргизилди, бул толук пенсия алууга мүмкүнчүлүк берет.
Муканбетов 2026-жылдан баштап минималдуу стаждын акырындык менен жогорулаарын кошумчалады: ар бир эки жыл сайын ага бир жыл кошулуп турат. Планды боюнча, 2045-жылга чейин ал 20 жылды түзөт, андан кийин стаждын өсүшү токтойт.
Эмгек стажын эсептөөдө жумушчу китепчедеги жазуулар гана эмес, ошондой эле аскердик кызмат, декреттик отпуск жана мыйзамда каралган башка мезгилдер да эсепке алынарын белгилөө маанилүү.