ГСИНдин атайын режимдеги мекемесинде 386 адам кармалууда
Жыйында комитет рецидив институтун калыбына келтирүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун колдоду. Депутат Абдылдабек Эгембердиев долбоордо атайын рецидив менен соттолгондор атайын режимдеги мекемелерде жазасын өтөйт деп көрсөтүлгөнүнө көңүл бурду. Ал ошондой эле өлкөдө мындай типтеги бир гана мекеме бар экенин эске алып, ГСИНдин бардык мындай соттолгондорду кабыл алууга мүмкүнчүлүгү барбы деген суроо берди.
Сарчаев мыйзам кабыл алынса, соттолгондор лимитке жеткенге чейин кармалып туруларын тактады. Эгер мекеме толуп кетсе, соттолгондорду жайгаштыруу үчүн кошумча имараттарды куруу варианттары каралат.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Рецидив институтунун кайтып келиши. ГСИНге атайын режимдеги колония курууга туура келет
Жогорку Кенештин укук тартиби, сот системасы жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча комитетинин...