Дипломаттар Кыргызстандын Сочидеги Башкы консулдугун ачуу маселесин талкуулашты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев жана Оштогу Россия Федерациясынын башкы консулу Роман Свистин жолугушуу өткөрүп, анда Кыргызстандын Сочидеги Башкы консулдугун ачуу маселесин талкуулашты.
МИДдин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, талкуу учурунда кыргыз-орус консулдук кызматташтыгынын ар кандай аспекттери козголду.
Ошондой эле дипломаттар тиешелүү органдар ортосундагы оперативдик өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоого негизги көңүл бурулду.
Жолугушуунун протоколдук бөлүгүндө Роман Свистин Алмаз Имангазиевге консулдук патенттин оригиналын тапшырды.
Жолугушуунун аягында тараптар өнөктөштүктү мындан ары бекемдөө зарылдыгына көңүл буруп, консулдук чөйрөдө активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Окшош материалдар:
