Погранич кызматтын башчысы Баткен облусунда чек арадагы конфликттерди СССРде кандайча чечишкенин айтып берди
Ал Баткен облусунда коңшу мамлекеттердин жарандарыменен кагылыштар 1974 жана 1989-жылдары пайда болгонун белгиледи. Анда Советтер бийлиги реакция кылып, аскер бөлүктөрүн ошол аймактарга жиберип, кагылышкан тараптардын ортосуна жайгаштырып, абалды тынчтандыруу жана стабилдештирүү үчүн коменданттык саат киргизген.
Алимбаевдин айтымында, Советтер Союзунун кулаганынан кийин ар бир республика, көз карандысыз болуп, мамлекеттик чек араларын аныктоо менен алектениши керек болчу.
«Эгер ошол учурда чек араларды тактоого көңүл бурган болсок, бүгүнкү күндө өнүгүү жана прогресс кыйла көрүнүктүү болмок», — деп кошумчалады ал.
Окшош материалдар:
