Визасыз жана узагыраак: чет элдиктердин Кыргызстандагы болушунун эрежелери өзгөртүлдү
Интернеттен алынган сүрөт
Документтин жаңы редакциясына ылайык, чет өлкөлүктөрдүн өлкөдөгү болушу алардын жарандыгына жана кирүү негиздерине жараша аныкталат. Виза менен Кыргызстанга кирген же жашоого уруксат кагазы бар чет өлкөлүктөр бул документтердин күчүндө турган убакытта өлкөдө болушу мүмкүн.
Евразия экономикалык биримдигине катышкан өлкөлөрдүн (Армения, Беларус, Казакстан жана Россия) жарандары Кыргызстанда кошумча визасыз 90 күнгө чейин, кирген күндөн тартып 180 күндүн ар бир мезгилинде болушу мүмкүн.
Белгилей кетүүчү нерсе, токтомго тиркелген өлкөлөрдүн жарандары үчүн 60 күндүн ар бир мезгилинде 30 күнгө чейин визасыз режим орнотулган, эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса. Өзбекстан жарандары 120 күндүн мезгилинде визасыз 60 күнгө чейин өлкөдө болушу мүмкүн.
Сербия, Түркия, Украина жана Монголиянын жарандары үчүн атайын шарттар бар — алар Кыргызстанда 180 күндүн ар бир мезгилинде визасыз 90 күнгө чейин болушуна уруксат берилген.
Сауд Аравиясы, БАЭ, Катар, Кувейт, Оман жана Бахрейн жарандары Кыргызстанда 360 күндүн ар бир мезгилинде визасыз 180 күнгө чейин болушу мүмкүн, эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса.
Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун (UN Laissez-Passer) паспортунун ээлери үчүн 60 күнгө чейин бир тараптуу визасыз режим киргизилди. Ошол эле учурда токтомго тиркелген өлкөлөрдүн тизмесинен бир пункт алынып салынды.
Жаңы токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Окшош материалдар:
