Байсаловдун айтымында, виза саясаты өз ара урматтоо жана теңдик принциптерине негизделиши керек.
«Биздин жарандарыбыз үчүн мындай жогорку тоскоолдуктар киргизилгенде, болуп жаткан окуяларга бейкапар кала албайбыз», — деди ал.
[media=https://twitter.com/baisalov/status/2009187406151352638?ref_src=twsrc%5Etfw]
Маанилүү маалымат катары, жаңы талаптарга ылайык, Кыргызстандын жарандары виза алуу үчүн 15 миң долларга чейин кепилдик суммасын төлөшү керек, бирок бул виза алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылбайт.