Бишкек шаарындагы №84 мектепте 4500 окуучу билим алат, долбоордук жүктөм 900, - БГКнын депутаты
Бишкек шаардык кенешинин экономика, бюджет, финанс жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында 9-февралда депутат Эржан Насиралиев («Адилет») №84 мектепте 4500 окуучу билим алып жатканын, ал эми долбоордук жүк 900 экенин билдирди. Ал бул маселени өткөн жылы көтөргөнүн жана жаңы мектеп куруу үчүн бош жердин бар экенин белгиледи.