Түптө башталгыч класстардын мугалимдерине ноутбуктар тапшырылды
Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сейитбек Абдылдаев билдирди.
Анын айтымында, «Алтын казык» программасынын алкагында министрлик башталгыч класстардын мугалимдерин колдоо үчүн 282 ноутбук берген. Бул демилге педагогдордун санариптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, окуу процессине заманбап технологияларды киргизүүгө жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
«2025-жылы президенттин жана Билим берүү министрлигинин колдоосу менен география, биология жана химия сабактарынын мугалимдери ноутбуктар менен камсыздалган, эми башталгыч класстардын мугалимдери да алышты. Ноутбуктар айыл өкмөтүнүн балансында болот. Бул мугалим башка жумушка өткөн учурда, ал ноутбуктарды алмаштыруучу педагогго өткөрүп берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул чара мугалимдердин иштерин жеңилдетет», – деп белгиледи Абдылдаев.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Ат-Башы районунда башталгыч класстардын мугалимдери ноутбуктар менен камсыздалды
Ат-Баши районунда башталгыч мугалимдер «Алтын казык» программасы боюнча ноутбуктар менен...
20 миңден ашык ноутбук башталгыч класстын мугалимдерине тапшырылды
Бүгүн республикада башталгыч класстардын мугалимдери үчүн «Алтын Казык» маркасындагы 20 286...
Башталгыч класстардын мугалимдери Кыргызстанда ноутбуктарды алышты
Республикадагы билим берүү тармагын колдоо максатында 20 миң 286 «Алтын Казык» маркасындагы...