Мектептердин окуу китептери менен камсыздалышы 84,4% га жетти, - Министрлик
Министрдин орун басары акыркы жылдарда окуу китептерин чыгарууга мамлекеттик каржылоонун кыйла көбөйгөнүн белгиледи.
Мисалы, 2020-жылы бул максаттарга 120 миллион сом бөлүнгөн, бул 330 миң китеп чыгарууга мүмкүнчүлүк берди. 2025-жылга карата каржылоонун көлөмү 856,4 миллион сомго чейин өстү, бул 4,8 миллион окуу китебин чыгарууга мүмкүндүк берди.
Джусупбекованын айтымында, 2017-жылдан 2024-жылга чейин мектептерге 3,74 миллион окуу китеби чыгарылып, жеткирилди, ал эми 2025-жылы билим берүү мекемелери үчүн дагы 4,8 миллион экземпляр окуу адабияты даярдалат.