Анын айтымында, олимпиаданын I этабы 13-январда өтүп, ага 18 окуучу катышкан. Андан кийин 11–12-февралда II этап өтүп, анын жыйынтыгы боюнча 5 окуучу сыйлык алган орундар менен кайтып келишти. Башкача айтканда, райондук командалык эсепте мектеп 1-орунду ээледи.
Олимпиада Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин 2025-жылдын 4-декабрындагы №1446/1 буйругу менен бекитилген «Мектеп окуучуларынын республикандык олимпиадасы» жөнүндөгү жобого ылайык өткөрүлдү. К. Акыйев атындагы мектептин окуучулары мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.
Атап айтканда:
- 1-орун — Чынтемиров Али Кубанычбекович, 10-класстын окуучусу (предмет — география), мугалими: Думанаева Жипаркүль Сергеевна олимпиадасында.
- 1-орун — Рысбеков Кутман Каныбекович, 10-класстын окуучусу (предмет — орус тили жана адабияты), мугалими: Батырбекова Алтынбү Батырбековна.
- 1-орун — Чынтемиров Рустам Турсунбекович, 10-класстын окуучусу (предмет — информатика), мугалими: Абакирова Бурулуш Асанбековна.
- 1-орун — Чолпонбева Рабия Чолпонбаевна, 9-класстын окуучусу (предмет — химия), мугалими: Эрмухамбетова Айгүл Нурлановна.
- 2-орун — Самудинов Адилет, 11-класстын окуучусу (предмет — англис тили), мугалими: Халилова Керемет Жаныбековна.
Жогоруда аталган окуучулар III (областтык) этапка, 27–28-февралда өтө турган олимпиадага жолдомо алышты.