Курулуш министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 25-февралда министр Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна жумушчу сапар менен барып, аталган тапшырманы ишке ашыруу үчүн иш-чараларды өткөрдү.
Сапарынын алкагында министр, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупат Маткаликов, ошондой эле тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте социалдык объектилерди куруу боюнча долбоорлор менен таанышып, жыйын өткөрдү.
Манаста төмөнкү билим берүү мекемелерин куруу пландалууда:
- 375 орундуу мектеп: Ак-Тилек микрорайону, Достук көчөсү 25/2 (Көк-Артк муниципалдык аймактык башкармалыгы);
- 650 орундуу окуу жай: Г.Мамбеталиев көчөсү (Курманбек муниципалдык аймактык башкармалыгы);
- 275 орундуу мектеп: Чолок-Терек айылында, А.Керимбекова көчөсү 167 (Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгы);
- Спутник микрорайонундагы 650 орундуу мектепке кошумча корпус, Р.Азизова көчөсү 13;
- №5 Б.Осмонов атындагы орто мектепке 275 орундуу кошумча корпус, Л.Фурманова көчөсү 5;
- №21 Ж.Болотов атындагы орто мектепке 275 орундуу кошумча корпус, Достук микрорайону.
Министр ошондой эле долбоордук-сметалык документация менен таанышып, тиешелүү департаменттердин жетекчилерине жана подряддык уюмдардын өкүлдөрүнө бардык курулуш иштерин сапаттуу жана убагында аткаруу боюнча көрсөтмөлөрдү берди.