Жогорку Кеңеште Бишкектин мектеп директорлорун чогултушту
ЖКнын маалымат кызматынан алынган маалыматка ылайык, жолугушууда ал билим берүүнү өнүктүрүү жана мугалимдерди колдоо боюнча маанилүү маселелерди көтөрдү. Бул жылы мугалимдердин айлык акысы көтөрүлөт, бирок спикердин айтымында, бул болгону башталышы.
«Биз мугалимдердин айлык акыларын көбөйтүүнү пландап жатабыз, бирок бул болгону биринчи кадам. Билим берүү секторун колдоо улантылат. Жогорку Кенеш өз ыйгарым укуктарынын алкагында билим берүүнү өнүктүрүүгө жана мугалимдер үчүн эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча ишти активдештирет. Биз бул процесске жардам берчү бардык демилгелерди колдойбуз. Учурдагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү убактысы келди, бул зарыл», – деди ал.
Мындан тышкары, Маматалиев мектеп окуучуларынын жүрүм-турумуна байланыштуу учурларды комментарийлеп, балдарды тарбиялоодогу жоопкерчилик мугалимдердин гана мойнунда болбошу керек экенин баса белгиледи.
«Балдар негизги көндүмдөрдү жана баалуулуктарды үй-бүлөдөн алышарын унутпашыбыз керек. Эгер ата-энелер, мугалимдер жана коом тарбиялоо процессине активдүү катышса, биз татыктуу муунду тарбиялай алабыз», - деп кошумчалады спикер.