Ак-Тала районунда Базаркулов атындагы мектептин подвалын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү
Мектептин директору Гулькайыр Майрыкееванын айтымында, подвал узак убакыт бою таштанды болуп, колдонулбай келген. Бирок 2023-жылы англис тилин окутуу үчүн келген волонтер Алекс Лоу аркылуу абал өзгөрдү.
Анын долбоорунун алкагында подвалдын капиталдык ремонту жүргүзүлүп, баасы 1 миллион 600 миң сомду түздү. Натыйжада, бул жерде жаңы акттык зал жана кружоктук сабактар үчүн кабинеттер пайда болду.
Мындан тышкары, өнүктүрүү фонду тарабынан подвалдын инженердик тармактарынын системасы толук реконструкцияланды.
Ошондой эле мектепте заманбап жылуулук системасы (котельная) орнотулду, бул бардык жайларда ыңгайлуу температураны сактоого мүмкүндүк берет.