Кочкордо 450 мектеп окуучусу балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышты
Кабминдин маалымат кызматы билдиргендей, иш-чаралар Нарын облусунун Кочкор районундагы төрт мектепте өттү.
9-февралдан 12-февралга чейин бала укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн Секретариаты «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси менен бирге экинчи этаптагы маалымат караванын ишке ашырууга киришти. Бул демилге БУУнун бала укуктары боюнча Комитетинин сунуштарын аткаруу боюнча иш-чаралар планынын бир бөлүгү болуп саналат, максаты — балдарга карата зомбулукту алдын алуу. Программа ушул жылдын ноябрь айына чейин уланат.
Иш-чаралардын негизги максаты — балдарда өзүн-өзү урматтоо жана айланасындагыларды урматтоо негизинде активдүү жашоо позициясын калыптандыруу, бул болсо жакшы тарбия жана коопсуз билим берүү чөйрөсүнүн натыйжасы болуп саналат.
Иш-чараларда болжол менен 450 мектеп окуучусу жана 280 ата-эне катышты.
Маалымат караванынын алкагында «Балдардын коопсуздугу үчүн күчтөрдү бириктиребиз» темасында ар кандай билим берүү иш-чаралары уюштурулду. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө педагогдор, ата-энелер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен зомбулукту алдын алуу жана балдарды коргоо системасын бекемдөө маселелери боюнча жолугушуулар жана талкуулар өткөрүлдү. Ошондой эле, позитивдүү ата-энеликке арналган практикалык сабактар уюштурулуп, балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамилелерди жакшыртууга багытталган психологиялык кеңештер берилди.
Маалымат караванынын улануусу Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында пландалууда.
Маалымат караванынын биринчи этапта иш-чаралар 12 мектепте өттү, анын 6сы Ысык-Көл облусунда (Түп жана Жети-Өгүз райондору), 2си Чүй облусунда жана 4ү Бишкекте болду. Бул этапта 7-11-класстын 1300 окуучусу жана 620 ата-эне катышты.
Дагы окуңуз:
Экинчи этап балага карата зомбулуктун алдын алуу боюнча караван КРда башталды
Экинчи этапы балдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча маалыматтык караванды баштоого арналган...