Жаңы турак жай объектилери мектептер жана бала бакчаларсыз курулуш уруксатын албайт, - Минстрой
Депутат Табылды Муратбеков түштүк магистралдын бойунда көп кабаттуу үйлөр активдүү курулуп жатканын, бирок социалдык инфраструктуранын бул аймакта дээрлик жок экенин белгиледи. Ал, бул жагдайда Курулуш министрлиги кандай чараларды көрүүнү пландап жатканын жана мектептер менен бала бакчаларды куруу каралганбы деп сурады.
Министрдин орун басары Талантбек Иманакун уулу, бул багытта министрлик Бишкек мэриясы менен биргеликте иш алып барып жатканын айтты. Ал ошондой эле, жакында парламент Бишкекте 20 мектеп куруу боюнча келишимди бекиткенин, алардын арасында түштүк магистралдын аймагында да мектептер курула турганын эске салды.
Мындан тышкары, ал күчүндө турган нормаларга ылайык, бала бакчалар көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарында жайгашышы керектигин кошумчалады.
«Мектеп жана бала бакча жок болсо, жаңы объектилер макулдашууга өтпөйт», - деп баса белгиледи министрдин орун басары.