
Жогорку Кенештин жыйынында «Кыргыз Республикасы менен Саудия өнүктүрүү фонду ортосундагы «Мамлекеттик мектептерди куруу» долбоору боюнча Кредиттик келишимди ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору бир добуштан кабыл алынды. Бул документ 2025-жылдын 9-октябрында Бишкекте кол коюлган.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, бул келишим Бишкек жана Чүй облусунда 14 жаңы мектептин курулушун карайт.
1,5% жылдык пайыз менен берилген кредит 50 миллион долларды түзөт жана 25 жылдын ичинде төлөнөт.