Кыргызстан жана Австриянын өкүлдөрү Ысык-Көлдө туристтик мектеп түзүүнү талкуулашты
Министрликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, бул жолугушуунун максаты кесиптик, техникалык жана туристтик билим берүү тармактарында эки тараптуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле мурда кол коюлган Биргелешкен билдирүү алкагында технологияларды өткөрүү маселелерин талкуулоо болгон.
Онлайн-жолугушууга министрден тышкары анын орун басарлары Альберт Махметкулов жана Лира Самыкбаева, Австриядагы Кыргызстан элчиси Нуржан Шайлдабекова, ошондой эле австрия тараптан Доротеа Ауэр Австриянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигинен жана Михаэль Матиашитц Австриянын Федералдык финансылык министрлигинен, Klessheim туристтик колледжинин жана Австрия технологиялык корпорациясынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, туристтик инфраструктура боюнча кызматташуу, темир жол сектору үчүн адистерди даярдоо жана Ысык-Көл облусунда туристтик мектеп түзүү боюнча практикалык кадамдар талкууланды.
Катышуучулар ошондой эле кышкы туризм жана кышкы спорт түрлөрү боюнча окуу процессин уюштуруу, инфраструктураны даярдоо жана өнүктүрүү этаптарын, анын ичинде имараттарды реконструкциялоону жана австриялык окутуу методикаларын жана эл аралык практикаларды киргизүүнү карашты.
Догдуркүл Кендирбаева туристтик мектеп түзүү маселелерин терең талдоо зарылдыгын жана бул тармакта австриялык ментордук жана методикалык тажрыйбанын маанилүүлүгүн белгиледи.
Австрия тарап практикалык жана методикалык жардам көрсөтүүгө, кадрларды даярдоого жана заманбап моделдер менен технологиялар негизинде билим берүү борборун түзүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантуу жана биргелешкен иш-чаралар планы боюнча макулдашууга өтүү тууралуу келишимге келишти.