Бул буйрук боюнча попечительдик кеңештин курамы да бекитилди:
| Кыдыралиев Азамат Сактанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясынын орун басары, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгын жетектейт; |
| Джантаев Эльчибек Нуржадыевич | - | Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
| Джумалиев Муктар Кабылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы жана Люксембургдагы мурдагы элчиси (макулдашуу боюнча); |
| Джунушалиев Айбек Джанышбекович | - | Бишкек шаарынын мэри; |
| Идирисов Болотбек Имашович | - | «Кумтор Голд Компани» ЖАКнын Директорлор кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
| Иминов Фархат Ажмуханбетович | - | Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин секретариатынын жетекчиси; |
| Сакиев Бектур Кадырбекович | - | Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча эксперт; |
| Салиев Алмаз Абдылдаевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; |
| Сарбанов Улан Кытайбекович | - | Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
| Субанов Бузурман Кадырбекович | - | «Кумтор Голд Компани» ЖАКнын башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча). |
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын попечительдик кеңеши коомдук негизде иштеген коллегиалдык орган болуп, окуу жайдын стратегиялык максаттарын ишке ашырууга көмөктөшүүнү көздөйт. Кеңештин негизги милдеттери кошумча финансылык ресурстарды тартуу, бюджеттен тышкаркы каражаттарды башкарууда ачыктыкты камсыз кылуу жана Академияны эл аралык билим берүү жана илимий борбор катары өнүктүрүүнү колдоо болуп саналат.