«Чон-Кемин» табигат паркында кар барысын кайрадан жапайы табиятка чыгарды
Министерствонун маалыматтарына ылайык, сейрек кездешүүчү жырткыч 29-декабрда саат 23:20 чамасында Кемин районунда жайгашкан Боролдой айылында байкалган. Алдын ала маалыматтарга караганда, кар барысы тоодон түшүп, айылдагы даракка чыгып кеткен. Адистер окуя болгон жерге чыгып, жаныбарды текшерип, анын канааттандырарлык абалда экенин тастыкташты. Кар барысын текшергенден кийин, аны «Чон-Кемин» табият паркынын табигый жашоо чөйрөсүнө кайра кайтарышты. Ведомстводо кар барысы Кызыл китепке