Бишкекте адам эмоциялары тууралуу кызыктуу көргөзмө ачылат
16-январда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде "Адам эмоцияларынын анатомиясы" аттуу көргөзмө ачылат. Анын автору заманбап сүрөтчү Ильгиз Эдилсон. Келүүчүлөр экспозицияны 1-февралга чейин көрө алышат. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, көргөзмө адамдын ар кандай эмоционалдык абалдарын изилдейт. Сүрөтчү түстү, форманы жана мейкиндик чечимдерин колдонуу аркылуу эмоциянын кеңири спектрин көрсөтөт — кубанычтан жана ишенимден баштап, тынчсыздануу жана коркуу