Кризис учурундагы пландар: КР Улуттук банкы банктар үчүн жаңы талаптарды бекитти
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктардын финансылык калыбына келтирүү пландарына байланыштуу жаңы талаптарды бекитти. Бул документ, алдын ала даярдалышы керек болгон мындай планды иштеп чыгуу жана сунуштоо үчүн милдеттүү шарттарды киргизет. Алар банктардын экономикалык абалы начарлаганда финансылык туруктуулукту калыбына келтирүү үчүн конкреттүү чараларды камтышы керек.