Кыргызстанда электр энергиясын пайдалануу көлөмү өсүүнү улантууда. Токтогул суу сактагычына суу агымы азайып жатат.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2025–2026-жылдардагы жылуулук сезонуна байланыштуу маселелер талкууланды. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылы өлкөдөгү электр энергиясын пайдалануунун жалпы көлөмү 19,3 млрд кВт·ч жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 900 млн кВт·ч көбөйгөн. Бул сумма ичинен 15,4 млрд кВт·ч Кыргызстанда өндүрүлгөн, ал эми калган 3,9 млрд кВт·ч импорттолгон. Ошондой эле, быйыл Кыргызстанда жана жалпы Борбордук Азияда суу агымынын деңгээлинин төмөндөп жатканы белгиленди.