Башкы бет » Коом » ГУОБДДнын башчысы КР ИИМдин кытай жүк ташуучу айдоочулары менен жолугушту
Коом

ГУОБДДнын башчысы КР ИИМдин кытай жүк ташуучу айдоочулары менен жолугушту

«Торугарт» текшерүү пунктунда КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азенбек Козукеевдин Кытайдан келген жүк ташуучулар менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Козукеев кытайлык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин катуу сактоого чакырды.


Ошондой эле айдоочуларга чек арада жасалма тыгындарды түзбөөгө жана жолдо этикалык нормаларды сактоого чакырган түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Торугарт» текшерүү пункту деңиз деңгээлинен 3,6 миң метр бийиктикте, Нарындан 194 чакырым алыстыкта жайгашканын белгилеп өтүү керек.
Окшош материалдар:
gazeta.kg сайтын колдонуу менен сиз купуялуулук саясатын кабыл аласыз.
ОК