Башкы бет » Коом » Чүй облусундагы тоо лыжа базаларын 200 милиция кызматкери көзөмөлдөйт
Коом

Чүй облусундагы тоо лыжа базаларын 200 милиция кызматкери көзөмөлдөйт

Учурда Чүй облусунда «Чункурчак», «Орловка», «ЗиЛ», «Нооруз», «Кашка-Суу», «Тоо-Ашуу», «Суусамыр» жана «Таатыр» лыжа базаларына барууга ачылган.
 
Региондун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматына ылайык, кышкы курорттордогу эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо, мыйзам бузууларды алдын алуу жана жол коопсуздугун камсыздоо үчүн бул сезондо 200дөн ашык милиция кызматкери активдүү иш алып барууда.
 
«Лыжа тебүү сыяктуу кышкы спорт түрлөрү абдан кооптуу болушу мүмкүн. Жаракаттар жаңы баштагандарда да, тажрыйбалуу спортчуларда да болушу мүмкүн. Коопсуздук эрежелерин сактабаган учурда олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, бардык эс алуучулар коопсуздук чараларын сактап, өздөрүнүн жана айланасындагылардың коопсуздугуна кам көрүшү маанилүү», — деп айтылат билдирүүдө.
Окшош материалдар:
gazeta.kg сайтын колдонуу менен сиз купуялуулук саясатын кабыл аласыз.
ОК