Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде КР жарандар үчүн АКШдагы B-1/B-2 визаларын алуу үчүн кошумча талаптардын киргизилгени тууралуу маалымат беришти
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргызстанды камтыган айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 5 000 ден 15 000 АКШ долларына чейин финансылык кепилдик коюу талап кылынат. Так сумма консулдук кызматкер тарабынан интервью учурунда аныкталат. Мындан тышкары, арыз берүүлөр I-352 формасын АКШнын Ички коопсуздук министрлигинен алууга милдеттүү, бул форманы консулдук кызматкерден көрсөтмө алган соң гана берүү керек, ошондой эле АКШнын Каржы министрлигинин Pay.gov платформасында кепилдик шарттарына макулдугун
