
Иссык-Куль районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, Тору-Айгыр-Тамчын айыл өкмөтү жана Иссык-Куль облустук орман чарбасы боюнча жер жана орман мыйзамдарынын олуттуу бузуулары аныкталды. Генералдык прокуратуранын басма сөз кызматы бул тууралуу маалымдады.
Орман ресурстарына келтирилген зыян, ошондой эле айыл чарбасындагы жоготуулар жана жоголгон кирешелер бюджетке убагында которулбагандыгы белгилүү болду. Прокурордук акттын негизинде, мыйзам бузуулар оңдолуп, натыйжада мамлекетке 17 401 200 сом төлөндү.