Узген районунда аламан улака өткөрүлгөндөн кийин аймакты таштандыдан тазалоо иштери башталды

Анна Федорова Экология
VK X OK WhatsApp Telegram
Узген районунда аламан улакка байланыштуу аймакты таштандыдан тазалоо иштери башталды. Бул тууралуу 9-февралда Экология министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ош облусунун экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы маселени чечүү үчүн зарыл чараларды көрүүдө. Атап айтканда, таштандыларды тазалоо иштерин жүргүзүү боюнча расмий каттар Баш-Дөбө жана Төрт-Көл айыл аймактарына жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, аламан улактын уюштуруучуларынын бири Жаныш Ниязов 115-1-берененин («Таштандыны белгиленбеген жерлерге таштоо, жыйноо, күйгүзүү») негизинде 5,5 миң сомго айыпка жыгылды.

Учурда аймакты тазалоо иштери иш-чаранын уюштуруучулары, жергиликтүү бийлик жана тургундардын катышуусунда жүргүзүлүүдө.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: