Бишкекте «Жашыл шаарлар» регионалдык долбоорун ишке киргизүүнү талкуулашты
Бүгүн Бишкекте Кыргыз Республикасынын табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Германиянын Эл аралык кызматташтык коомдоштугунун (GIZ) делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Германиянын экономика жана климатты коргоо министрлиги тарабынан каржыланган «Жашыл шаарлар» регионалдык долбоорунун ишке ашыруу деталдары талкууланды.
Долбоор үч өлкөнү камтыйт: Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан. Кыргызстанда негизги өнөктөш катары Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги чыгат.
Бул долбоордун негизги максаты эл аралык жана регионалдык деңгээлде кызматташтыкты өнүктүрүү, туруктуу шаардык өнүктүрүү боюнча алдыңкы практикаларды алмашуу, ошондой эле институционалдык потенциалды күчөтүү жана шаарлардын туруктуу өнүгүшү үчүн мастер-планды даярдоо болуп саналат. Бул инициатива боюнча катышуучу өлкөлөрдүн шаарлары арасында тажрыйба алмашуу, климаттык чечимдерди иштеп чыгуу жана экологиялык процесстерди башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүү боюнча иш-чаралар каралган.
Жолугушуунун катышуучулары «Жашыл шаарлар» долбоорунун алкагында Кыргызстанда туруктуу жана экологиялык жактан коопсуз шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталган конкреттүү иш-чараларды ишке ашырууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Кабмин мамлекеттик органдардын тизмесин аныктады, анда жогорку кызматтарга конкурстун жоктугу менен айрым畢кулдардын резервине кабыл алынат
Кабинет министринин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча...