Иссык-Көлдө кыштоочу ак лебеддерди азыктандыруу уюштурулду

Ысык-Көл облусунда кыштоодо жаткан ак лебеддерди азыктандыруу уюштурулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жапайы жаратылышты жана анын тургундарын коргоо максатында, Ысык-Көл облустук башкармалыгынын экологиялык жана техникалык кызмат инспекциясынын кызматкерлери бул куштарды азыктандыруу акциясын өткөрүштү.
Кыш мезгилинде, табигый азык булактары азайганда, лебеддердин туруктуу жана коопсуз тамактануусун камсыздоо негизги милдеттердин бири болуп калды.
«Бул акция ак лебеддердин популяциясын сактоого жана жаратылыштагы экологиялык тең салмактуулукту камсыздоого багытталган», - деп белгиленет расмий билдирүүдө.
Окшош материалдар:
