Частык авто мектебинин директорун «жапырт башаламандыкка» чакыргандыгы үчүн айыпташты
Ал бир айга камакка алынды Авто мектеби «Айдоочуларды даярдоо борборунун» директору Медербек Тагайбек уулу «жапырт башаламандыкка» чакыруулар менен байланышкан иштин фигуранты болду, деп билдирди «Азаттык» радиосу.