Ак-Суу айылында Москва районунда өрттөн көп кабаттуу үйдөгү батир күйүп кетти
Ведомствонун маалыматы боюнча, өрт 12:00 чамасында Ак-Суу айылындагы Гвардейская көчөсүндө жайгашкан 25-номердеги батирде үчүнчү кабатта чыккан.
«Өрт өчүрүү кызматтары 12:02де окуя болгон жерге келишип, 13:10да отту ийгиликтүү өчүрүштү. Окуянын натыйжасында 35 чарчы метрди түзгөн үч бөлмөлүү батирде бардык буюмдар, мебель жана башка мүлк күйүп кетти. От ошондой эле коңшу балкондорго да жайылды», — деп билдиришти басма сөз кызматы. Жакшы жагы, өрттен жабыркагандар жок.
Учурда өрттүн чыгуу себептерин иликтөө улантылып жатат.