
Үч көрүнүктүү импрессионисттин эмгектери Пармага жакын жайгашкан Маньяни-Рокка Фондуна караштуу жеке музейден уурдалды. Уурдалган чыгармалардын арасында: Пьер Огюст Ренуардын «Балыктары» — кечки эмгеги, Поль Сезанн тарабынан карандаш жана акварель менен жасалган «Черешня менен натюрморт», ошондой эле Анри Матиссинин «Терассадагы одалиска» аттуу акварели бар. Бул тууралуу DW маалымдайт.
Полициянын маалыматы боюнча, уурулук 22-марттан 23-мартка караган түнү, болжол менен бир жума мурун болгон. Учурда иликтөө жүрүп жатат.
Маалыматка караганда, беттерин капюшондор менен жапкан уурулар кирүү эшигин бузуп, уурдоо башталганынан үч мүнөт өткөндөн кийин окуя болгон жерден чыгып кетишкен, баалуу искусство чыгармаларын бак аркылуу алып кетишкен. Уурдалган сүрөттөрдүн жалпы баасы миллиондогон евро деп бааланууда.