
Алынган маалыматка ылайык, Чүй облустук сотунун улук катчысы А.Ж.Б. кызмат абалынан пайдаланып, эркинен ажыратууга байланышпаган сот чечимин кабыл алууга жардам берүүгө 26 миң доллар өлчөмүндө Т.М.Т. аттуу жарандан сыйлык алуу үчүн аракет кылган.




Бирок, А.Ж.Б. Т.М.Т. үчүн оң натыйжага жетише алган жок. Оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө УКМКнын кызматкерлери аны акчаны кайтарып жаткан жеринен кармашты — 651 миң сом жана 2 миң 800 доллар. Натыйжада, катчы УКМКнын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Ошондой эле К.А.А. аттуу жаран жана Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ж.Ш.Б. бул ишке тиешеси бар экени аныкталды, ал 85 миң сомду кайтарып жаткан жеринен кармалды», — деп айтылат билдирүүдө.