
Ведомстводон алынган маалыматка ылайык, кармалган адам компаниянын негизги акционерлеринин бири жана чыныгы ээси катары инвесторлорду атайылап жаңылыш маалымат менен камсыз кылган. "Ал курулуш ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жетиштүү каржылык ресурстары жок экенин түшүнүп, үчүнчү жактарга сатылып кеткен активдерди кепилдик катары сунуштап, каражаттарды тарткан. Бул 'эки жолу сатуу' деп аталган схема Кыргызстандын жарандар үчүн олуттуу материалдык зыянга алып келди", — деп айтылат пресс-релизде.
Кылмыш иши жабырлануучулардын көптөгөн арыздарынын негизинде башталган. Башында шектүү эл аралык издөөдө болгон, 24-мартта кармалып, КР ГКНБнын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
КР ГКНБнын басма сөз кызматынын сүрөтү.
Текшерүү уланууда.