
Кармалган адам жогорку кирешелүү биргелешкен ишкерликти убада кылган
Бишкекте ири масштабдагы алдамчылыкка шектүү кармалды, бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 1-октябрында, 1988-жылы туулган З.П. аттуу жаран Гагарин көчөсүндөгү алмашуу бюросунда Ж.К.га Токмакта кант жана күрүч сатып алуу менен байланышкан биргелешкен бизнес сунуштап, 2 млн 950 миң сом алган. Ал акчаны бир айдын ичинде кайтарып берүүгө убада кылган, бирок из-түзсуз жок болуп кеткен.
Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Укук коргоо органдары З.П.нын кайда экенин аныктап, ал ГУВДнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
сүрөт www