
Прокуратуранын кийлигишүүсүнүн аркасында, Москва районундагы үч жетим жер тилкелери менен камсыз болушту.
Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, жетимдердин ар бирине жеке турак жай куруу үчүн 11 соток жер берилди жана алардын менчик укугун тастыктаган мамлекеттик актылар тапшырылды.
Мурда прокуратура текшерүү учурунда Петровка айылында жашаган жетимдердин укуктары бузулганын аныктаган, анткени аларга мыйзамда белгиленген тартипте жер тилкелери берилген эмес.
Прокуратура тарабынан чаралар көрүлгөндөн кийин бузулуулар жоюлду.