Бишкекте милиция жеке жумуш агенттиктериндеги мыйзам бузууларды аныктады
16-17-мартта Экстремизмге каршы күрөшүү жана мыйзамсыз миграция боюнча кызматтын адистери чет өлкөгө жумушка жиберүү менен алектенген жеке агенттиктерди текшерүү үчүн чет өлкөдөгү жарандарды жумушка орноштуруу борбору менен биргеликте иш жүргүзүштү.
Текшерүүлөрдүн натыйжасында, бир катар агенттиктер мыйзамда каралган зарыл лицензиясыз иш алып баргандыгы аныкталды. Натыйжада беш агенттиктин иши токтотулду. Аларга административдик чаралар, анын ичинде ар бир юридикалык жакка 55 000 сомдук айыппулдар салынды. Жыйынтыгында, айыппулдардын жалпы суммасы 275 000 сомду түздү.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Жылдын жыйынтыктары Tazabekтен. 2024-жылы Кыргызстандагы 30 миңден ашык ишканалар дээрлик 800 млрд сом табыш тапты
- 2024-жылы 30 миңден ашык ишканалар жана уюмдар реалдуу экономика секторунда иштеп жатты. Жылдын...