
Токтотулган адам Н.А. аттуу жаран катары аныкталган, ал СНГнын бир өлкөсүнөн Кыргызстанга кайтып келген.
ГКНБнын сүрөтү
«Ал эл аралык террордук уюмдарга кошулуу максатында өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылууда деп шектелүүдө. Аны кармоо операциясы башка атайын кызматтар менен кызматташтыкта өткөрүлдү. Кылмыш ишинин алкагында зарыл тергөө иштери улантылууда. ГКНБ чет өлкөдөгү террордук жана экстремисттик топторду колдоо үчүн жарандарга кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет», — деп айтылат маалыматта.