
Окуя 2026-жылдын 11-мартында, саат 12:20 чамасында болгон. Жайыл РОВДнын кезмет бөлүмүнө У.В. аттуу жарандан күйөөсү П.А.нын Кара-Балтадагы Космонавтов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде өлгөнү тууралуу телефон чалуу келип түшкөн.
Алдын ала тергөө көрсөткөндөй, жубайлар 11-мартка караган түнү алкоголь ичимдиктерин ичишкен. Кечки маалда алардын ортосунда талаш-тартыш чыккан.
Тергөө версиясына ылайык, уруш учурунда эркек аялын кемсинтип, ага психологиялык басым көрсөтө баштаган. Кызганычтан улам, аял ашканадан бычак алып, күйөөсү диванда отурганда, анын моюнуна өлүмгө алып келген жаракатты салган. Андан кийин ал денесин паласка өткөрүп койгон.
Окуядан кийин аял кармалышы мүмкүн экенин ойлонуп, буюмдарын жыйнап, уктап калган. Эртең менен ал денени коридорго өткөрүп, болгон окуяны билдирүү үчүн 102 кызматына телефон чалган.
Окуя болгон жерден бычак алынды, ал эми маркумдун денеси экспертиза үчүн моргго жөнөтүлдү. Соттук-медициналык изилдөөлөр дайындалды.
Кармалган аял, 1968-жылы туулган, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Тергөө уланууда.