
ISNAнын сүрөтү. Ирандын Исфахан провинциясындагы ядролук объект
Сокку тууралуу маалымат 7-мартта жарыяланды. Маалыматта «Исфахан провинциясындагы ишкана аба жана ракета соккусуна кабылып, олуттуу зыянга учурады» деп айтылган.
Учурда радиоактивдүү булгануу тууралуу маалымат жок. МАГАТЭ бул маселе боюнча комментарий бере элек.
Соккуларга жооп катары Тегеран АКШ жана Израилдин Ирандын отун инфраструктурасына карата агрессиясы уланса, симметриялуу чараларды кабыл алууга даяр экенин эскертти.
Мындан мурда Ирандагы бир нече мунай сактоочу жайларга сокку урулгандыгы тууралуу маалымдалган. Кызыл Жарты Ай коомдоштугу жарандарды жарылуулардан кийин атмосферага чыгарылган токсиндерден улам мүмкүн болгон кислоталуу жаан-чачындар тууралуу эскертишти.