
УВДнын маалыматына ылайык, бул кармоо «Притон» аттуу операциянын натыйжасында болуп, гашишти сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун иши токтотулган.
Баткен облусунун УВДсынын сүрөтү
Бул факт боюнча наркотиктерди жана психотроптук заттарды мыйзамсыз өндүрүү менен алектенүү максатында кылмыш иши козголду. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кызыл-Киенин эки тургуну — 21 жаштагы А.Б. жана 22 жаштагы Д.А. кармалды. Учурда тергөө уланууда, расмий маалыматта билдирилди.