Кара-Сууда мушташтын жагдайлары текшерилүүдө, жабыркагандар бар
Бул факт боюнча алдын ала текшерүү башталды. Текшерүү учурунда конфликттин катышуучулары кармалып, тергөө органдары тарабынан суракка алынган. Соттук-медициналык экспертиза жапа чеккендердин алган жаракаттары жеңил зыянга кирерин жана ден соолуктун кыска мөөнөттүү бузулушуна алып келгенин көрсөткөн.
Жыйналган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 280-беренеси "Хулигандык" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.
Милициянын өкүлдөрү тергөө процессинде тараптардын бардык жүйөлөрү эске алынып жатканын билдиришти. Учурда жапа чеккендерге кошумча комиссиялык экспертиза дайындалды, анын жыйынтыктары мыйзамдуу чечим кабыл алууга жардам берет.
Ошондой эле Ички иштер министрлигинде социалдык тармактарда бул иштин тергелишинде туура эмес жүрүшү боюнча ИИМдин жетекчилигине кайрылуу видео түрүндө таралгандыгын белгилешти.