Бишкекте 5,1 млн сомдук алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Юлия Воробьева Окуялар
VK X OK WhatsApp Telegram
27-февралда Ленин районунун Ички иштер башкармалыгы алдамчылыкка шектелген адамдын кармалганы тууралуу маалымат таратты.

22-февралда Бишкек шаарынын тургуну укук коргоо органдарына кайрылган. Ал 5 миллион 154 миң 600 сомдук алтын буюмдарды сатуу үчүн бергенин, бирок алдамчылыкка кабылганын айтып берген.

Мыйзамга ылайык, бул окуя Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча катталган.

Укук коргоо органдары 1987-жылы туулган С.А. аттуу шектүүнү кармашты. Ал убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: